Жаңылыктар
19 , Май, 15:32 1152

Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына биринчи жолдомого ээ болду

image

Арстанбек Базаркулов 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Токио шаарында өтө турган (Япония) XVI Паралимпиада оюндарына жеңил атлетика боюнча (ядрону түртүү) биринчи лицензияга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Арстанбек Базаркулов үч лицензиялык мелдешке катышуусунун жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарып, жолдомо алды. 

Ал 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында (БАЭ) өткөн жеңил атлетика боюнча Гран-при лицензиялык мелдешинде ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде (13-22-март) 4-орунду, ал эми Ноттвилде (Швейцария, 7-18-май) өткөн Гран-при мелдешинде 7,98 м жыйынтыгы менен коло медаль жеңди. 

Белгилей кетсек, спортчунун аталган мелдештерге катышуусу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз