Жаңылыктар
2 , Июнь, 16:45 1027

Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатынан кайтып келишти

image

2-июнь күнү Бишкекте бокс боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Дубай шаарында (БАЭ) өткөн Азия чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Эл аралык «Манас» аэропортунан спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, спортчулардын ата-энелери, туугандары,достору жана күйөрмандары тосуп алышты.  

Эске салсак, Азия чемпионатында Азат Усеналиев (52 кг салмактык категорияда), Акылбек Эсенбек уулу (57 кг), Эркин Адылбек уулу ( 81 кг) жана Рустам Ырысбек уулу (91 кг) коло медаль тагынышкан. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз