Жаңылыктар
18 , Июль, 18:14 359

Олимпиада: Балбандар 1-августтан тартып килем үстүнө чыгат

image

Токио Олимпиадасында кыргызстандык балбандардан алгачкы болуп грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков кармашка чыгат. Оюндардын программасы уюштуруу комитетинин расмий сайтына чыккан.

Ага ылайык, 1-августта 60 килограмм салмактагы балбандар арасында 2020-жылдагы Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Шаршенбеков килемге чыгат. Ал эми кыздар күрөшүнөн эң оор, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы күч сынашат. Айтылуу балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын 3-августта килемге чыгары былтыр эле белгилүү болгон. Жадыбал боюнча спорттук күрөштөр 1-августта башталып, 7-августка чейин созулат. 1-3-августта грек-рим жана кыздар күрөшү болсо, 4-августта эркин күрөш башталат.

Кыргызстандан Токио Олимпиадасына жалпысынан 16 спортчу барса, анын тогузу күрөш чеберлери. Төртөө грек-рим, экөө эркин жана үчөө кыз-келиндер күрөшүнүн балбандары экени маалым.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз