Жаңылыктар
24 , Июль, 18:00 494

Токио Олимпиадасы: Денис Петрашов 27-орунду ээлеп, жарым финалга чыга алган жок

image

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарында алгачкы жолу жарышка чыкты.

24-июль күнү брасс стилинде 100 метрге сүзүү боюнча мелдешке жалпы 49 спортчу жарыяланып, алар алдын ала сууда сүзүү үчүн 7ге бөлүнүшкөн. 

Петрашов брасс стилинде 100 метрге сүзүү боюнча төртүнчү кезектеги спортчулар менен жарышып, алардын арасынан 3-орунга жайгашты.  Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,23 секунд болду.

Брасс стилинде 100 метр аралыкка сүзүүнүн  жалпы жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 27-орунду ээлеп,  жарым финалга чыга алган жок.  Ал эми эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу жарым финалда жарыша турган болду.

Белгилей кетсек, 27-июль күнү Денис Петрашов брасс стилинде  200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке катышат. 

Спортчубузга ийгилик каалайбыз!























Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз