Жаңылыктар
1 , Авг, 9:40 574

Токио Олимпиадасы: Айпери Медет кызы экинчи атаандашын жеңди

image

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарынын алкагында экинчи каршылашын жеңип алды. 

76 кг салмакта күч сынашкан Медет кызы 2012-жылдагы Олимпиада чемпиону Наталья Воробьёваны 12:0 эсебинде утту. Жыйынтыгында өз салмак категориясында жарым финалга чыкты. 

Жарым финалдык күрөштөр түштөн кийин 15:00дө старт алат. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз