Жаңылыктар
1 , Авг, 16:38 647

Токио Олимпиадасы: Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт

image

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио Олимпиадасынын алкагында жарым финалга чейин жетип барып, АКШ өлкөсүнүн спортчусуна жеңилип калды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта биринчи казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңип алган. Экинчи жолугушуусунда 2012-жылдагы Олимпиада чемпиону Наталья Воробьёваны 12:0 эсебинде утуп,  өз салмак категориясында жарым финалга чыккан болчу. Жарым финалдык беттеште тажрыйбалуу дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Аделайн Грейге жолугуп, 3:2 эсебинде жеңилди. 

Эми кыргызстандык балбан кыз эртең, 2-август күнү коло байге үчүн күрөшөт. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз