Жаңылыктар
2 , Авг, 13:49 655

Токио Олимпиадасы: Айсулуу Тыныбекованын менен Атабек Азисбековдун атаандаштары белгилүү болду

image

Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарындагы алгачкы атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн күрөш федерациясы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн беттештердин чучу кулагы тартылып, Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшмөй болду. Спортчулар чейрек жарым финалдан баштайт. Балбан кыздардын салмагы 62 килограмм. 31 жаштагы Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси. 

Ошондой эле грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун да биринчи каршылашы аныкталып, венгриялык Виктор Лёринц менен кез келет. Алардын салмактары 87 килограмм. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат. КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтөт.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз