Жаңылыктар
4 , Авг, 14:32 1535

Токио Олимпиадасы: Нурсултан Кеңешбеков 35-орунга жайгашты

image

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңшбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында 35-орунду ээледи.

3-август күнү 5000 метр аралыкка чуркоо үчүн жарыштар жүрүп, 40 спортчу экиге бөлүнгөн. Кеңешбеков 20 жөө күлүктүн ичинен 14 мүнөт  7,79 секундда келип, 18-орунга жайгашкан.  

Жалпы жыйынтыкта Нурсултан Кеңешбеков 35-орунду ээлеп, финалдык баскычка өтө алган жок. Чечүүчү жарышка мыкты жыйынтык көрсөткөн 15 спортчу чыкты. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз