Жаңылыктар
6 , Авг, 15:40 3046

Токио Олимпиадасы: Эрназар Акматалиев медалсыз калды

image

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында медалсыз калды. 

65 кг салмакта күч сынашкан Эрназар Акматалиев биринчи беттеште  Бажранг Пуниа менен күрөшүп, 3:3 эсебинде жеңилген. Эгер Пуниа финалга чыкса, Эрназар көңүл жубатуучу беттеште күчүн сынап, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алмак. Бирок Бажранг Пуния жарым финалда азербайжандык Гаджи Алиевден утулуп, кыргыз балбаны коло үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз