СССР эл артисти Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди

23 Окт, 2019 29

Бүгүн 28-сентябрда саат 14:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын чоң залында СССР эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Социалистик эмгектин баатыры, композитор жана дирижёр К. Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди. Саат 11:00 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана министрликке караштуу бардык маданият мекемелеринин жетекчилери, кесиптештери, туугандарынын катышуусу менен Ала – Арча көрүстөнүндө маркумдун эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окутулду. Калый Молдобасанов 1929-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган. 1946-жылы М. Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1954-жылы Чайковский атындагы Москва консерваториясын, 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Ал 12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, анын жетекчиси Петр Шубинден таалим алган. 1954-1972-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр болуп эмгектенген. 1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда композиция классы боюнча мугалим жана Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасынын орун басары, 1979- 96-жылдары анын төрагасы, ошол эле мезгилде 1983-1986-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1996-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. К. Молдобасанов 2006- жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Маалыматтар КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин баракчасынан алынды.