Бейпил түн

13 , Янв, 13:19 392

Көк жылгаяк (аудио)

image

Кыш керемети кызыктарга өтө бай. Канчалык каарын төгүп, сыртта ызгаар суук болуп турса дагы өзүнүн кандайдыр бир адамдардын көкүрөк - көөдөнүн жылыта турган касиети бар.  Ал касиет -  балким ак кардай аппак сүйүүдүр, балким тамчыдай таза балалыгыбыздыр, а балким жалындуу жаштык демибиздир?  Бир азга ой учугун улап, кыялдар дүйнөсүнө баш баксаң, дал ушундай өткөн күндөрдүн жарык нурларын жан дүйнөңө ыроолойт. Ак булуттан бөлүнүп, жерди көздөй шашылган жумшак, назик себелеген аппак кар жаркын  сезимдерге жетелеп, көз алдыбызга жагымдууэлестерди тартуулайт. Албетте, мунун баары кыш мезгилинин таасирдүү көркөм дүйнөсү. Мына ушундай көркөмдүккө чулганган аяздуу күндөрдүн биринде капысынан тагдыр тартуулаган махабатка кезигип, жашоодогу жарымын тапкан Дастан аттуу жигиттин баянын “Көк жылгаяк” аттуу новелладан уксаңыздар болот.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз