Бейпил түн

20 , Янв, 17:56 447

Ата-энем болбосо да караан туткан карындашым бар эмес беле (аудио)

image

Дүйнөнүн тардыгын карабайсызбы? Бирөөгө бар дүйнө а бирөөгө зар дүйнө деген ушул да. Көп узабай эле таң эрте уйкудан ойгонуп, карындашым Перизатты бөлмөсүнөн издеп таппай калдым. Ботодой боздоп болгон аракетим менен  жан сабап издегенимден кымындай да пайда чыкпады. Бир боорумду ким алып кеткенин, кандай адамдарга тапшыргандарын да билгеним жок. Жаратымдын жарасы ырбап, ичим сыйрылып, канап турду. Ата-энем болбосо да караан туткан медерим карындашым эмес беле. Караныңды күндө сурап, амандыгыңды кудайдан тилеп, буркурап ыйлап кала бердим... "Бейпил түн" адабий-музыкалуу программабыздан Улукман Атабековдун "Жашыл шаар" аттуу новелласынан окуянын уландысын уга аласыздар!


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз