23 , Янв, 7:34 707

Бир ырдын баяны: Барам сага (аудио)

image

“Барам сага” ырынын жаралышы ар бир ыр ышкобозун кызыктырбай койбосо керек. Анткени эл арасына кеңири тарап, эл оозунан түшпөй ырдалып, улуу-кичүү дебей жакшы көрүп уккан ырга айланды. Ырдын диапазону кенен, жанга жагымдуу мукам кайрыктарга ширелген, лирикалык ыр.  Ал эми ырдын сөзүндө адамдагы сагыныч, табияттын сырдуу кубулушу менен айкалышып чагылдырылат. Эл сүймөнчүгүнө айланган бул ырдын каарманы ким болду экен же кандай болуп жаралды экен? Мына ушул суроолорго жоопту"Бир ырдын баяны" программасынан уксаңыздар болот. Сөзү Алмаш Чойбекованыкы, обону Кадыралы Артыковго таандык. Программанын редактору жана алып баруучусу Чыңгыз Рыскелдиев.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз