Бейпил түн

27 , Янв, 19:54 483

Ал киндик каны тамган Ата-мекенин сагынган! (аудио)

image

Аны, баарынан да сагыныч кыйнап бүттүү. Кай бирлер жактырган адамын сагынат, айрымдар ата-энесин сагынат. Акжолтойдуку алардыкынан да күчтүү сагыныч эле. Ал киндик каны тамган Ата-мекенин сагынган! Анын  ата-энеси да, жактырган адамы да, баардыгы мекенинде болчу. Өзү  Германиянын Фрайбург деген шаарында окуйт. Күндүз окуу менен алаксып жүрө берет. Ал эми күн батып бараткан убакта балконго чыгат да ой-кыялы, сезимдери аны Кыргызстанга алып учуп жөнөйт. Бул учурда, анын санаасын самандай сапырган сагыныч кыйнайт... Окуянын уландысын "Бейпил түн" адабий-музыкалуу программасынан Бегалы Токтогуловдун "Мага көрүнгөн тоо" аттуу новелласынан уга аласыздар.  



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз