Бейпил түн

30 , Янв, 11:02 386

Сыйнат терезеден сыртка телмирип, үн катпай барды... (аудио)

image

Аялдын аты Сыйнат эле. Айылга жеткиче машинедегилер менен сүйлөшпөй, терезеден сыртка телмирип, үн катпай барды. Мейли, анысы деле туурадыр. Өткөн-кеткен тагдырын ойлоп бараткандыр. Күйөөдөн көңүлү калган жаны эми кандай турмуш болоор экен деп сарсанаа болбой коебу?! Биринчи күйөөсү энесинин төркүн жагынан эле. Таякелери аркылуу куда түшүп алышкан. Өздөрү деле сүйлөшүп, бирин бири жактырышкандай болгон. Көрсө мурда бир аял кетирген, ичкиликке жакын неме экен. Анысын Сыйнат башта билген эмес. Акырындап ичкени күчөп, кол көтөргөнгө да өттү. Ичсе эле тишин кычыратып, урушаарга жоо издеп зөөкүрлөнүп чыга келчү болду... Бул окуянын уландысын "Бейпил түн" адабий-музыкалык программасынан Элмира Ажыканованын "Өзөктө калган өкүт" аттуу аңгемесинен улантып уга аласыздар... 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз