Тасма таржымалы

13 , Фев, 11:55 598

Тасма таржымалы: "Мунабия" тасмасы (аудио)

image

Азыркы кезде кыргыз киносу өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүп, Кыргызстандын жаңы тарыхында таланттуу кинорежиссерлордун жана актерлордун чоң тобу өсүп чыгып, алардын улуттук булакка сугарылган кайталангыс мазмуну менен өзгөчөлөнгөн тасмалары улуттук жана Эл аралык кинофестивалдарда алдыңкы орундарга ээ болуп, ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун алып, эстетикалык табитин калыптандырууда. Кино чеберлеринин бул ат көтөргүс кылган эмгектери мекенибиздин даңкын алыска жеткирип, кыргыз керемети кайрадан жаралып келаткандай. Дал ушул тасмалардын катарында, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыздын таланттуу уулу Казат Акматовдун “Мунабия” чыгармасынын негизинде тартылган режиссер Таалай Кулмендеевдин “Мунабия” тасмасы.  Аталган фильм туурасында "Тасма таржымалы" уктуруусунан сөз кылабыз.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз