16 , Фев, 4:35 593

Лира: Айгүл Узакованын сөзүнө жазылган ырлар (аудио)

image

Поэзиянын аруулугу, адамды тартып турган касиети кимди гана суктандырбайт. Айрыкча жан дүйнөсү назик, сезимтал инсандарды өз кайырмагына илип алып, мончоктой тизмектелген, кайталангыс керемет саптарында камтылган көркөм дүйнөгө жетелейт. Мына ушундай көркөм дүйнөгө аялзатынын аруу дүйнөсүнөн оргуп чыккан поэзиянын мөлтүр тамчылары өзгөчө шаң кошот. Акын жана аял. Турмуш түйшүгү менен чыгармачылык түйшүгү. Экөөнү бирдей алып кетүү кандай оор. Ошентсе да чыгармачылыктын чыйырында талыкпай эмгек кылып келе жаткан Кыргыздын акын кыздарынын бири Айгүл Узакова. Анын ырлары сезим ыргактарын кайрыган лирикага ширелген өзгөчө кооздугу бар. "Лира" программасынан Айгүл Узакованын сөзүнө жазылган ырларды уга аласыздар.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз