Бир ырдын баяны

27 , Фев, 15:11 863

Бир ырдын баяны: Кайдасың сен Нестан - Дарежан (аудио)

image

Кандай гана чыгарма жаралбасын ага сөзсүз түрдө таасир эткен турмуштук окуялар болот. Анын негизинде угармандын, окурмандын жүрөгүнө жеткен обологон обондор же поэзиянын керемет саптары куралат. Балким автор өз башынан өткөн окуяны жазаар, а балким бирөөлөрдөн уккан турмуштук болумушту жазаар, кандай болсо дагы болуп өткөн окуяга таасирленген сүрөткер жаратмандыктын көркөм боектору менен ажайып бир чыгарманы жаратат. “Бир ырдын баяны” программабыздан бир эмес эки сүрөттөлүштөн таасирленип жараткан, эл сүймөнчүлүгүнө арзыган Эрмек Мамытовдун сөзүнө жазылган, Исрадин Аманбаевдин “Кайдасың сен Нестан - Дарежан” аттуу ыры жөнүндө сөз кылабыз.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз