29 , Март, 7:25 1015

Ыр кесе: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын жалпы солисттери (аудио)

image

Кыргыз радиосундагы "Ыр кесе" салттуу өнөр майрамы. "Ыр кесени" Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын жалпы солисттери улантышат. Филармониянын солисттери "Ыр кесени" Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл Шайырлары" тобунан алышкан. 

"Ыр кесеге" КРнын Эл артисти Султан Каримов, КРнын эмгек сиңирген артисттери Майрам Дүйшекеева, Чырмаш Төрөбеков, ырчы-аткаруучулар Кутман Жолдошев, Салима Балтаева, Токтогул Рысалиев, Гүлмира Жолдошева, Назира Токонова, Талант Токомбаев, Элбарчын Калилова, Кубаныч Ашыралиев сыяктуу элге белгилүү таланттар катышат. 

Программанын редактору Чынара Итигулова, режиссёру Жолдош Апасов, эфирге көркөмдөгөн режиссёру Жыргал Аманова.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз