Бейпил түн

29 , Март, 13:48 388

Бала күнүмөн эле жамгырды жакшы көрөм (аудио)

image

Мен эмнегедир бала күнүмөн эле жамгырды жакшы көрөм. Оо, бала кез алыс-алыс калбадыбы. Бирок мен ошол жылдардан эч бир нерсени унутта калтырган жокмун. Анда жамгыр жаап келгенде башкалар үйлөрүнө качып киришсе, мен кайра сыртка атып чыгып, талааны көздөй жүгүрөөр элем. Жүзүмдү жамгырга тосуп, суу болгон чөптөрдү аралап энтигип чуркаганды жакшы көрчүмүн. Биздин короодо колго өстүргөн түркүн-түркүн гүлдөр көп болоор эле. Жамгыр жаап жатканда гүлдөрдү карап турчумун. Гүлдүн таажыларына токтоп калган жамгырдын мончок тамчылары акак шурудай болуп көрүнөөр эле... "Бейпил түн" түнкү адабий-музыкалык программабыздан Элмира Ажыканованын "Жамгыр, жамгыр" аттуу аңгемесинен толугу менен уга аласыздар.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз