Замандаш

11 , Апр, 19:23 757

Айсулуу Тыныбекова: Элимдин ишеничин актаганга аракет кылам (аудио)

image

“Рио - 2016” олимпиадасына катышкан Эл аралык кыз келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча спорттун чебери. Өлкө тарыхында эркин күрөш боюнча олимпиадага экинчи ирет жолдомо алган алгачкы Кыргыз карлыгачы Айсулуу Тыныбекова жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ага машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен Наргиза Шамшиева "Замандаш" программасында маектешкен.



Каарман жөнүндө кыскача


Толук аты-жөнү - Тыныбекова Айсулуу Болотовна

Туулган жылы, айы - 1993-жыл, 4-май

Туулган жери - Жалал-Абад облусу, Майлы-Суу шаары. Нарын облусунун Кочкор районунун Теңдик айылында чоңойгон

Үй-бүлөдө - 5 бир туугандын төртүнчүсү, 2 эжеси, 1 агасы, 1 иниси бар. Ата-энеси медицина кызматкерлери

Кийинүү стили - Классикалык кийимдер. "Классика эч качан модадан калбайт", - дейт

Кыргыз, орус тилдеринде сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, Эл аралык класстагы спорт чебери.

Жетишкендиктери:

  • 2010-ж. кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалды уткан жана жаштар арасында Азиянын чемпиону
  • 2012-ж. Лондон Олимпиадасынын катышуучусу. Эл аралык турнирлерде бир нече жолу жеңишке жетишкен.
  • 2013-ж. Азия чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсү. РФ Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Студенттик олимпиадада коло медалга ээ болгон.
  • 2014-ж. Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн XIV Азия оюндарынын коло медалы
  • 2015-ж. Орусияда өткөн Олимпиада чемпиону Иван Ярыгиндин Гран-присинин күмүш медалы
  • 2014-2015-жж. Азия чемпионатынын күмүш медалы
  • 2016-ж. Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатында, 58 килограмм салмактагы категорияда атаандаштарын утуп, Азиянын чемпиону
  • Машыктыруучулары - КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана Түгөлбай Базачеков.




  • "Айсулуу - эмгекчил, деми күчтүү. Ийгиликке жетээрине көзүм жеткен", - дейт КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков







"Олимпиададан келе жатканда Кыргыз эли абдан жакшы маанайда тосуп алды. Мен үчүн абдан жагымдуу болду"




"Болочоктогу түгөйүм спортчу болсо дейм"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз