Бейпил түн

14 , Апр, 20:21 994

Эми ал - менин күйөөмдүн аялы (аудио)

image

Ооба, биздин райондо Атыр деген бай аял бар эле. Бойдок болчу. Дүкөндөрү, ресторандары бар, ал тургай машине саткан базар да ошонуку болчу. Аныкындай эки кабат заңгыраган чоң үй бул чөлкөмдө жок эле. Машинени кол жоолуктай алмаштырып, түрлөп айдачу. Эрнис мына ошол айтылуу Атырдын үйүнө күйөө болуп кириптир. Мына кызык, мен ар кандай ойлорго туш болдум. Өз каалоом менен ажырашып кетсем да баары бир анын эмне кылып жүргөнүнө кызыкпай койбойт экенсиң. Канткени менен он беш жыл чогуу жашаганбыз, балдарымдын атасы эле да. Мен ага ичим ачышып же өкүнүп жаткан деле жерим жок. Бирок кандай күндө жүрдү экен деп ойлойт экенсиң баары бир... "Бейпил түн" адабий-музыкалык уктуруубуздан Элмира Ажыканованын "Күйөөмдүн аялы" аттуу аңгемесинен окуяны толугу менен уга аласыздар.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз