18 , Май, 12:19 1008

Жеңиш Ысманов — Кыргыз жүзүн чет өлкөдө тааныткан ырчыларыбыздан (аудио)

image

20 – майда саат 18.30да Т. Сатылганов атындагы  Кыргыз Улуттук Филармониянын чоң залында “Лучано Паваротти”  атындагы Эл Аралык конкурстун лауреаты, "Лучший тенор — 2016" аттуу сыйлыктын ээси Женишбек Ысмановдун жеке концерти өтөт. Бул Эл Аралык концерт. “Ыйман, адеп, маданият” жылына  жана ошондой эле Лучано Павароттини эскерүү - (10 жылдыгына), Кыргызстан менен Италиянын дипломатиялык байланышынын 25 жылдыгына карата.

Концертте Италиялык  опералык ырчы  драмалык тенор Давид Ла Вердени да катышат. Улуу ырчы  маэстро Лучано Павароттинин жесири, сеньора Николетта Мантованинин атайын Жеңиштин чакыруусу менен келип жатышы Кыргызстан үчүн сыймык. Анткени Лучано Павароттинин ысымын дагы да дүйнөгө таанытып, Лучано Паваротти атындагы фондду жетектеп, улуу ырчынын мекенинде Италиянын түндүгүндө Модена шаарында улуу ырчынын үй музейин ачкан. Л. Паваротти 12-октябрда 1935-жылы Моденада туулган. Ушул шаарда 6-сентябрда 2007-көзү өткөн. Николетта Мантовани Л. Павароттинин урматына концерттерди өткөрүп келе жатат. Болон консерваториясынын ардактуу профессору. Женишбек Ысманов — Италия, Корея, Германия, Албания жана  Европанын башка Мамлекеттеринде Кыргыз жүзүн тааныткан ырчыларыбыздан. Кыргыз радиосунун "Маданият" радио журналында Жеңиш Ысманов жана Италиядан келген кесиптеши Давид Ла Вердени жана ырчы Марат Ибраевдер мейманда болушту. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жамила Маматова меймандар менен түз эфирде маектешкен.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз