Бир ырдын баяны

12 , Июнь, 12:45 500

Бир ырдын баяны: Издеп жүрөм (аудио)

image

Деги эле адам баласы жашоосундагы сүйүү сезимдеринин учкундарын ар түрдүү багыт менен ачыктап келет. Кайгысы менен кубанычы бирдей болгон бул ыйык дүйнөнү күүгө салып, ырга кошкон өнөр адамдары да махабат бакчасынан түгөнбөгөн эргүү алып, керемет кайрыктарды, саптарды жаратып келишет. Издөө, сагынуу, кусалануу, күтүү мунун баары махабат деңизинин тамчылары сыяктуу жашообузга шоокмумун таратып, кай бири жүрөгүбүзгө так салса, кай бирде жан дүйнөнүн дабагери болуп көңүлүбүздү жайгарат. “Бир ырдын баяны” программасынан мына ушундай жакшы көрүүнүн же жактыруунун аруу дүйнөсүн жар салган, Ашым Жакыпбековдун  сөзүнө жазылган, Мукан Рыскулбековдун  “Издеп жүрөм” аттуу ыры жөнүдө сөз кылабыз. Уктурууну даярдап жана алып барган Чыңгыз Рыскелдиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз