13 , Июнь, 8:31 525

Бир ырдын баяны: Эңсөө (аудио)

image

“Ыр - гүлдөн жасалган терезе” деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени жартмандын жан дүйнөсүндө толкуп жаткан ички ой – толгоосун, максаттарын, сезимдерин баяндап, көркөм дүйнөнүн керемети таттуу кыялдарга жетелейт. Андагы сүрөттөөлөр уккан адамдын ышкысын ойготуп, ыр дүйнөсүнө болгон кызыгуусун ого бетер күчөтөт. Албетте эле обон менен сөз төп келген болсо эч күмөнсүз эл оозуна алынып, калың элдин катмарына сиңип кетет. Мына ушундай ийгиликтүү ырлардын бирин бүгүн сиздерге баяндап берели деп турабыз. “Бир ырдын баяны” программасынан Аскар Исаевдин сөзүнө жазылган, Атайбек Бөдөшовдун “Эңсөө” аттуу ыры жөнүндө угасыздар. Программаны даярдап жана алып барган Чыңгыз Рыскелдиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз