Бир ырдын баяны

15 , Авг, 17:17 333

Бир ырдын баяны: Элегия (аудио)

image

Бул жашоодо бир нерсенин жаралышына дагы башка бир нерсе түрткү болот. Айлангөчөктөй айланган дүнүйө ушинтип бири – бирине уланып, бири – биринен таасирленип, байланышын үзбөй улана берет. Өзгөчө чыгармачыл инсандарга жаратылыштын бул касиети чоң жардамчы боло алат. Акындардын куюлушкан сөздөрү, обончулардын миң түркүн кубулган мукам кайрыктары да, жан дүйнөнүн ой толгоосунан, кубанычтан, кайгыдан келип чыккан жыйынтык катары жаралат. Мына ушундай таасирлерден жаралган дагы бир ырдын тарыхын баяндап беребиз.

Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Эл акыны Омор Султановдун сөзүнө жазылган, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Түгөлбай Казаковдун “Элегия” аттуу ыры жөнүндө сөз кылабыз. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз