15 , Авг, 11:39 862

Өнөркана: “Алтай конушу” көргөзмөсү (аудио)

image

“Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү тектеш элдер” деп аталган эл аралык форумдун алкагында Ысык-Көлдүн Чоң Сары-Ой айылындагы Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда “Алтай конушу” көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө алтай элдеринин каада-салтын, жашоо-турмушун чагылдырган маданий-этнографиялык программа уюштурулган.

Көргөзмөдө кыргыз аялдарынын баш кийими болгон элечектер да коюлган. Түркиянын Ван аймагынан келген Коңурбүбү Ассиялы Памир кыргыз аялдарына таандык элечектерди алып келген. Ал элечектердин маанисин, аталышын, алардын түрлөрүн айтып берди. Даярдаган Жээнгүл Исакова.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз