Күндүз кечке жаратылышты мээримине бөлөгөн күндүн илеби кайтып, тоонун таза абасы улам салкын тартып барат. Күүгүм киргенде тоо арасы өзүнчө тилге кирип, карагай – чери күүлдөп, капчыгай ичинде чамынган агын суунун үнү алда кайдан сүрдүү угулуп, аска – тоонун арасы мунарык тартып, кокту – колоттогу жаңырык да күч алат. Бул жаңырык Нурсултандын бала күнүнөн тарта жан дүйнөсүндө жашап келет... Окуянын уландысын Чыңгыз Рыскелдиевдин "Жаңырык" аттуу баянынан "Бейпил түн" адабий-музыкалуу уктуруубуздан уга аласыздар.