20 , Янв, 14:40 769

Мекендештер куттукташат (аудио)

image

"Мекендештер куттукташат" аттуу жаңы жылдык майрамдык уктуруубуздан чет жерде Кыргызстандын атын таанытып, кыргыз искусствосун даңазалап жүргөн мекендештерибиз менен байланашып, алардын куттуктоолорун сиздерге сунуштайбыз. Италиянын жана жалпы эле Европанын белгилүү опера сахналарында ырдап келе жаткан опера ырчысы, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана дүйнөгө белгилүү ырчы Лучано Паваротти атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Жеңиш Ысманов, Францияда Лион консерваториясынын профессору, композитор жана пианист Каныкей Медетбекова, Австрия мамлекетинде биздин мекендешибиз, Эл аралык окнурстардын лауреаты, таланттуу скрипач Райхан Карагулова, АКШнын Нью-Йорк шаарынан КР Эмгек сиңирген артисти, айтылуу К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин мукам үндүү солисти катары таанылган ырчы Бермет Байкелова, Казакстан Республикасынын көркөм өнөр академиясынын академиги, скульптор Надырбек Жээренчиев, Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм-сүрөт академиясынын окутуучусу, искусство таануучу Арзыгүл Кутуева Москва шаарынан, Японияда билимин улантып жаткан, скрипка аспабынын жаш чебери Алина Байтокова, АКШда билимин улантып жаткан, КР Эмгек сиңирген артисти Кайры Кошоева Кыргызстандыктарды куттукташат. Уктурууну даярдаган Гүлмира Кулжабаева.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз