19 , Май, 11:40 370

Сахна: Көчкү спектакли

image

Адам баласына жараткан төрөлгөндөн тартып кубануу, кайгыруу, сүйүнүү, жапа чегүү, жакшы көрүү, жек көрүү, коркуу сындуу толгон-токой сезимдерди ыроолойт. Мына ушул сезимдер аркылуу биздин жашообуз бирде бөксөрүп бирде көктөнүп жүрүп отурат. Бирок, ар дайым эле бир калыпта, бир сезимдин курчоосунда кичинекей төрт бурчтук чийиндин ичине түшүп алып жашоо такыр мүмкүн эмес. Биз бүгүнкү “Сахна” уктуруусунда мына ушундай көрүнүштү терең чагылдырган “Көчкү” спектакли жөнүндө сөз кылабыз.

 “Көчкү” спектаклин койгон театр - Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры

Автору - турк драматургу Тунджер Джюдженоглу (Tuncer Cücenoğlu)

Сахналаштырган – Театрдын көркөм жетекчиси, режиссер Эльвира Ибрагимова

Сүрөтчүсү - Юлдаш Нурматов

Ролдордо:

Марат Жанталиев, Айнура Тургунбаева, Гүлмира Турсунбаева, Гүлмира Ташматова, Руслан Курманалиев, Элдияр Жарашов, Динара Идирис кызы ж.б.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз