22 , Авг, 12:46 502

КУАДТ А. Менчеллдин "Өмүр күзү" аттуу спектаклинин премьерасы башталды

image

Бүгүндөн тартып Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында А. Менчеллдин "Өмүр күзү" аттуу спектаклинин премьерасы башталды. Аталган спектакль 3 күн шаар тургундарына тартууланат.

"Өмүр күзү" спектакли өмүрүн театрга арнаган, белгилүү актрисалар КР Эл артисти Жамиля Сыдыкбаеванын 70, Айсалкын Осмонованын 60 жылдыгына арналып коюлуда. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы Кыргыз радиосуна билдирди.


Спектаклдин көркөм жетекчиси – КР Эл артисти Эгемберди Бекболиев

Койгон режиссер – Уланмырза Карыпбаев

Пластика боюнча режиссер – Ырысбай Жумаев

Сүрөтчүсү – Александр Зверздин

Режиссердун жардамчысы – Алтынай Кыдыршаева.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз