24 , Окт, 10:20 704

Бектур Шаршеналиев: Өзүн-өзү алып жүрүү да чыгармачылык

image Фото: фото: www.ktrk.kg

Кыргызстандын келечеги жаштар! – деп улуу муун ар дайым жаштарга үмүт артып келет. Демек, ишеничти, үмүттү актоо үчүн билимге умтулуп, эмгекти сүйүшүбүз керек. "Күн чубак" программабыздын бүгүнкү жаш мейманын кыргыз искусствосунун, кыргыз эстрадасынын келечеги деп сыймыктануу менен айта алам. Себеби, эптеп эле элге жүзүмдү тааныта калайын деп жулунбаган, өнөргө өтө аяр мамиле жасаган, чыгармачылыкка кылдаттык менен олуттуу караган, билимдүү жаш талант. Эл аралык конкурстардын лауреаты, таланттуу ырчы Бектур Шаршеналиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз