18 , Апр, 16:20 1741

Адабият алптары: Америкалык жазуучу Джером Селинджер

image Фото: www.

Америкалык таланттуу жазуучу, Джером Девид Селинджердин өмүр жолу, чыгармачылык бейнесине арналган “Адабият алптары” уктуруубуздун 1-чыгарылышын тартуулайбыз.

Джером Дэвид Сэлинджер 1919-жылы 1-январда Америка Кошмо Штатынын Нью-Йорк шаарында жарык дүйнөгө келип, 2010-жылы 27-январда 91 жашында Американын Нью-Гэмпшир штатында көз жумган. Ал Нью-Йорк шаарынын тарыхый ядросу болгон  Манхэттен районунда чоңойгон. Көркөм дүйнөгө бала кезинен эле кызыгып, алгачкы аңгемелерин орто мектепте окуп жүргөндө эле жазып баштаган. Ата-энеси колунда бар адам болгондуктан уул-кызына колдорунан келишинче жакшы билим берүүгө аракет кылышчу. Сэлинджер Пенсилвания штатындагы  аскердик окуу жайдан окуп, аны 1936-жылы бүтүрүп чыгат. Дал ушул аскердик окуу жайда окуп жүргөнүндө Селинджердин чыгармачылык дебюту башталган. Ал мугалимдеринин өтүнүүсү менен аскердик окуу жайдын гимни боло турган ырга текст жазып берген. Ошол Селинджердин сөзүнө жазылган Гимн бүгүнкү күндө да ырдалып келет. Америкалык кайталангыс талант Джером Селинджер тууралуу белгилүү адабиятчы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эсентур Кылычев буларды айтып берди.

Уктуруунун редактору – Жаныбек Эсеналиев.

Алып барган – Клара Исакова.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз