20 , Фев, 10:52 1395

Маданиятка салым кошкон инсандар "ТҮРКСОЙ" уюму тарабынан сыйланды

image Фото: www.ktrk.kg/_urmat_kenzhibekov

Бишкектеги К. Баялинов атындагы китепканада Түрк маданиятынын эл аралык "ТҮРКСОЙ" уюмунун жыйыны өттү. Жыйында казак эл акыны Магжан Жумабай уулунун ырларынын кыргызча котормолорунун топтому жарык көрдү.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму 2018-жылды өзүнүн 35-жыйынында Ч.Айтматов жылы деп жарыялаган. Буга байланыштуу "ТҮРКСОЙ" мурунку сыйлыктарынын катарына Ч. Айтматов атындагы сыйлыкты кошкон.


Ошондой эле, аталган жыйында акыркы жылдары кыргыз маданиятына, адабиятына, искусствосуна талыкпаган эмгеги менен салымдарын кошуп келе жаткан белгилүү инсандарга сыйлыктар тапшырылды, алар:

1. Роза Айтматова “Чыңгыз Айтматов” медалы;

2. Султан Раев “Түрксой 25” медалы;

3. Рейна Чокоева “Жусуп Баласагын” медалы;

4. Аскар Айтматов “Чыңгыз Айтматов” медалы;

5. Акбар Рыскулов “Түрксой 25” медалы;

6. Абдылдажан Акматалиев “Чыңгыз Айтматов” медалы;

7. Каныбек Иманалиев “Чыңгыз Айтматов” медалы;

8. Жамал Сейдакматова “Жусуп Баласагын” медалы;

9. Калчоро Көкүлөв “Молла Пенах Вагиф” медалы;

10. Муратбек Бегалиев “Түрксой 25” медалы менен сыйланышты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз