16 , Авг, 18:23 173

Аида Салянова үй камагына чыгарылды

image Фото: www

Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата бөгөт чарасы өзгөрүлдү. Азиз Батукаевди эркинен ажыратуу жайынан  мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими менен  А.Саляновага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Аида Салянова Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн алынып келинген.

Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жактоочусунун катышуусунда А. Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирди. Ушуга байланыштуу, жаңы мыйзамга ылайык башында тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөрүлдү.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз