21 , Авг, 18:16 392

Бишкектин айрым жерлеринде 22-август күнү таза суу убактылуу өчүрүлөт

image

Бишкектин айрым жерлеринде 22-август күнү таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан  билдиришти.

Профилактикалык иштерге байланыштуу 22-августта саат 10:00дөн 21:00гө чейин 7-11-12- жана "Асанбай" кичи районундагы  бир катар үйлөрдө,  "Ницца" турак шаарчасында, Жогорку "Көк-Жар" конушу, Борбордук Азиядагы Америка университетинде суу өчүрүлөт. Ал эми 5-кичи районундагы  үйлөрдө суунун басымы төмөндөйт.

"Бишкексууканал" шаар тургундарынан кечирим сурап, таза сууну алдын ала камдап алышын суранат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз