Дүйнөлүк адабият

24 , Май, 14:56 741

Дүйнөлүк адабият: Казак элинин улуу жазуучусу Мухтар Ауэзов 2-уктуруу (аудио)

image

Казак элинен чыккан улуу жазуучу, драматруг, академик Мухтар Ауэзовго арналган  экинчи  чыгарылышы.Өткөн биринчи уктурууда  Мухтар Ауэзовдун дүйнө адабиятына кошкон салымы, “Абай жолу” романы баштаган бир катар прозалык чыгармалары тууралуу сөз болгон. Бүгүнкү уктуруудан Мухтар Ауэзовдун драматругиясы жана кыргыз элине, жерине, адабиятына айрыкча "Манас" эпосубузга жасаган мамилеси тууралуу болот.

Чынында Мухтар  Ауэзовдун ысымы көрүнүктүү окумуштуу катары да илим дүйнөсүнө кеңири белгилүү. Ал казак адабияты боюнча алгачкы окуу китептеринин авторлорунун бири, анын калеминен казак жана СССР элдеринин адабияттарынын тарыхы менен теориясына арналган ондогон эмгектер жаралган.

Ошондой эле Мухтар Ауэзов өз өмүрүндө кыргыз элинин белгилүү интеллигенттеринин, айрыкча биринчи муундагы белгилүү жазуучулардын дээрлик баары менен тыгыз байланышта болуп, таттуу алақада жүргөн. Чыгармачылыгына баалуу пикирлерди айтып, керек учурда жөлөк-таяныч болгон. Кыргыз жазуучу-акындары да анын кеп-кеңештерин жогору баалап, урмат-сый менен мамиле кылышкан. Кезинде Чыңгыз Айтматовдун келечектүү талант экендигин алгачкылардан болуп көрө билип, колдоо көрсөткөн. 

Ал 20-жылдардан тартып эле кыргыз жергесине көп қаттап, кыргыз фольклоруна, адабиятына кызыгып, айрыкча “Манас” эпосун изилдөөгө чоң салым кошкон. Ленинград университетинде оқуп жүргөндө Кыргызстанга келип, ошол кезде кагаз бетине түшүрүлгөн Сагымбай манасчынын варианты менен кеңири таанышып чыккан. Ошондон тартып “Манас” проблемаларына бир нече жолу кайрылган. 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз