Биз экөөбүз

13 , Янв, 2:54 2734

"Кыргызстандын атактуу инсандары" сүрөт көргөзмөсү

image

Бүгүн, 13-январда, "Бишкек Парк" соода борборунда "Кыргызстандын атактуу инсандары" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. "Чебер Company" аттуу чыгырмачыл топтун таланттуу сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары көргөзмөгө коюлду.

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов келип көргөзмөнү расмий түрдө ачып, чыгармачыл топко ийгилик каалады. Жана ошондой эле кыргыз эстрадасынын ырчылары, тамашоучулар жана иллюзионисттер келип "Чебер" чыгармачыл топту куттуктап, өз өнөрүн тартуулашты. 

"Кыргызстандагы кол өнөрчүлүгүнө жаңылык кылып, жөн гана скульптуранын ордуна, атайын татту кылып, жээле турган скульптураны сунуштадык. Көргөзмөдө: атактуу инсандардын скульптуралары жасалган торттор, сайма менен тартылган улуу инсандардын портреттери жана ошондой эле акварель краскасы жана карандаш менен тартылган тамашалуу сүрөттөр", - дейт "Чебер" сүрөтчүлөрүнүн жетекчиси жана уюштуруучусу Азамат Исмаилов.

Сайманы тарткан сүрөтчү Касымов Азим

   

Торттордуу жасаган Жамгырчиев Алмаз

 

Акварель краскасы жана карандаш менен сүрөт тарткан Турдиев Азамат


  

Каррикатуралардын автору Кулматов Турсуналы: 

  

Толук фоторепортаж шилтеме аркылуу сунушталат "Кыргызстандын атактуу инсандары" http://beta.ktrk.kg/gallery/83

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз