Үркүн — улуттук тарыхыбыздын эң эле трагедиялуу учурунун бири. Буга тарыхый далилдер, ошол кыргыз көп кырылган окуяга катышкан адамдардан алынып калган маалыматтар күбө.
Улуу үркүндун 100 жылдыгына карата "Адабияттык уктуруубуздан" көркөм сөз чебери, Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү прозачы, акын, котормочу жана публицист Сагындык Өмүрбаевдин "Улуу үркүн" аттуу романынан Жолдош Жанжигит уулунун көркөм окуусунда сунуштайбыз.