1941-жылдын 17- ноябрында , өлкөбүздүн борборунда кино хроника студиясы ачылып, ушул күн кыргыз улуттук көркөм кинематографиясынын даңктуу санжырасынын башаты болуп калды. Бул чоң дата байланыштуу, "Түз эфирдеги жолугушуу" программасына кыргыз киносунда өздөрүнүн эмгектери менен таанылып калган режиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Карагулов жана кино режиссер, сценарист, продюсер Темир Бирназаров конокто болушту.