Бейпил түн

21 , Дек, 14:01 473

Бейпил түн: Айымкүл (аудио)

image

Күйөөсү рейске кеткенде Айымкүл ишинен келип эле уйкуга кирчү. Болбосо кечкисин үйдө жалгыз олтургусу келбей шаардан табышып алган классташтарына, чогуу иштешкен курбуларына кыдырып кетчү. Ыгы келсе ошолордукуна конуп калчу. Күйөөсү  келээр күнү үйдө болоор эле. Ал келгенде керектүү оокат-ашты мүшөк-мүшөк кылып алып келип босогого таштачу. Анын баарын чечип, ирээттеп  орду ордуна койгонду Айымкүл жактырчу эмес. Эмнеге эле жанталашып баарын ташый берет деп ичинен тигини жаман көрчү. Ал тургай анда эмне оокат бар экенине анчейин кызыгып деле койчу эмес. Бир жолу кагаз кутунун ичиндеги чийки этти ачып карабай эле текчеге жыйып коюп, эти сасып кетип, күйөөсүнөн тил уккан. Кыскасы, Айымкүлгө күйөөсү кир жууган самынынан бери даярдап берет. "Бепйил түн" адабий-музыкалуу программабыздан Элмира Ажыканованын "Айымкүл" аттуу аңгемесин уксаңыз болот.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз