Бир ырдын баяны

21 , Дек, 15:58 626

Бир ырдын баяны: Булуттар (аудио)

image

Жаралган ар бир ыр  жашоонун кандайдыр бир бүркүмдөрүнөн мисал катары алынып жазылат. Кандай тема болбосун ырдын жакшы болуп чыгышы  жаратмандын изденүүсүнөн көз каранды. Ырда баяндалган окуя же сүрөттөлүш көркөм чагылдырылабы, түз мааниде айтылабы же кыйыр мааниде жазылабы уккан адамдын жан дүйнөсүн козгоп, көңүлүн ырдын маанисине буруп турушу керек. Ыр угарман тандабайт, барына бирдей аткарылат. "Бир ырдын баяны” программасынан Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазылган, Камчыбек Букалаевдин “Булуттар” аттуу ыры жөнүндө маалымат аласыздар. Программаны даярдаган Чыңгыз Рыскелдиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз