Бейпил түн

26 , Дек, 12:52 462

Бейпил түн: Ыр жаңырган жатакана (аудио)

image

Ары түйшүктүү, ары кызыктуу студенттик күндөрүбүз, биринин артынан бири  өтүп сапарын улап барат. Группалаштарыбыздын бардыгы жатаканага чыгып ого бетер бир туугандай жакындашып, кечке чогуу жүргөнүбүз аз келгенсип, кечинде да  түн бир окумуна чейин олтурабыз. Биздин бири-бирибизге аябай ынак болушубузга жатакананын жашоосу себепкер. Себеби ачка калып, жол киреге акча таппай калган учурларда эч качан бирибизди бирибиз таштап кетпей, акыркы акчабызды ортого таштап, тең  бөлүшөөр элек. Анан да өзүбүз чыгармачыл чөйрөнүн жаңыдан талпынып келаткан темир канат балапандары болгондуктан ырдоо биз үчүн абдан кызык эле. Олтурган жерибизди шаңга бөлөп, ыр менен жарпыбызды жазып, күнүмдүк зарыл болгон турмуштун убарасын  унутабыз. Жан кыйышпас жан жолдошубуз болгон гитаранын коштоосунда  обон салып, каткырык күлкү менен күн өткөрөбүз...  "Бейпил түн" адабий-музыкалуу программабыздан Чыңгыз Рыскелдиевдин "Ыр жаңырган жатакана" аттуу новелласынан толугураак уксаңыздар болот.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз