Бейпил түн

9 , Янв, 12:01 398

Күтүүдөн жаралган үмүт... (аудио)

image

Түшүмдөн сени көрүп, чоочуп ойгонуп кеттим. Көптөн бери түшүмө да кире элек болчусуң. Деги саламаттыгың сак, аман-эсен жүрдүң бекен. Мага кат жазбай калганыңдан таарынып калдыбы дегем. Бирок, сен дагы мени унутпаптырсың. Кабарлашып, кандай жүргөнүңдөн кабар жиберип, менин ал-акыбалымды сурабасаң да, маңдай жарылта сүйүндүрбөсөң да, жылуу колдоруң менен саамайымдан сылап, уртуңдан жарылган жагымдуу күлкүң менен түндө түшүмө кирдиң. Канадай болгон күндө да, күтүүдөн үмүт жаралып, сенин бизге кайтып келээриңе терең ишенип, жол карап күдөр үзбөй күткөнүм, күткөн… Окуянын мындан аркы уландысын "Бейпил түн" адабий-музыкалуу программабыздан Улукман Атабековдун "Күтүүдөн жаралган үмүт..." аттуу новелласынан уксаңыздар болот.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз