Тарыхтын татаал ашуулары: "Чоң толкундун жышаанасы". 2004-жыл 3 Авг, 2016 3090
Бул жыл келерки жылга салыштырмалуу даӊазалуу жана орошон окуяларга бай болгон жок. Ошентсе да, журт ичинде кандайдыр бир жамандыктын жышааны сезилип турду.
Жөнжай адамдар өндүрүштө жана соода-сатыкта ишин кылып, бала-чакасын багып жатты, парламент депутаттары ар кандай мыйзамдарга добуш берип отурушту. Бирок дем алган абадан да чыӊалуу билинип турду. Жакында алданеме болору жонтери менен сезилет.
«Чоң толкундун жышаанасы» - «Тарыхтын татаал ашуулары” документалдык тасмасынын бул сериясы 2004-жылдагы окуяларга арналат.