Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

12 , Дек, 22:40 1005

Бүгүн Улуттук адабият күнү

image

Бүгүн Улуттук адабият күнү. Мындан 7 жыл мурда өкмөттүн чечиминин негизинде 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына - Улуттук адабият күнү катары белгилене баштаган. Быйыл бул майрам алп жазуучунун 90 жылдыгына арналды. Эске салсак, бул күнү кара сөздүн чебери Айтматов жарык дүйнөгө келген болсо, кыргыз поэзиясынын алпы Алыкул Осмоновдун көзү өткөн.




Өмүрүнүн аягына чейин поэзияны ыйык туткан акын кыска өмүрүндө адабиятка эбегейсиз салым кошо алды. Дүйнөлүк классик акындардын поэмаларын да Осмоновдун котормолору менен тааныганбыз. Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги "Дүйнөлүк акындар" альманахына кирген.


Алыкул Осмоновдун атын алып жүргөн Улуттук китепканада күн сайын түрдүү адабий кечелер, жаңы китептердин бет ачаар иш-чаралары өтүп турат. Китепканачылардын айтымында, азыр китепти жан шерик кылган жаштар мурдагыдан кыйла көбөйдү. Айрыкча классикалык чыгармаларды кайталап окугандан жадабаган окурмандар дагы бар. 




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда