Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

19 , Апр, 17:13 294

Элдик репортер: Совет убагындагы суу түтүктөрү тешилип, сугат суудан кыйынчылык жаралууда

image

Ала-Бука районуна караштуу Биринчи Май айылына кеткен суу түтүктөрү совет убагында, 60-жылдары курулган. Акыркы 5 жылдан бери эскилиги жеткен бетондордун көрүнгөн жери тешилип, айылдын жашоочулары эптеп темир түтүктөргө алмаштырышкан. Суу аккан жерлер жарга айланып, кооптуулук да жаратууда. Анысы аз келгенсип, сугат учурунда эгин талаасына суу жеткиликтүү болбой, кыйынчылык жаралууда. Жылына жер, суу үчүн салык төлөйбүз. Жок дегенде ошол салыктын эсебинен оңдоп беришсе жакшы болот деген кайрылуусун жөнөткөн аталган айылдын тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз