Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

20 , Фев, 10:51 1323

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө санариптик технология пайдаланылат

image

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө санариптик технологиянын келечеги эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган иш-чарада талкууланды. Жасалма интеллектти колдонуу, котормо ишин атайын жабдуулардын жардамы менен ишке ашыруу максат кылынууда.

Ар улут өз маданияты жана тили менен өзгөчөлүү. Эл аралык эне тил күнүнө арналган салтанаттан маданий ар түрдүүлүктү көрүүгө болот. Котормо ишинин өнүгүшү ар башка тилде жазылган улуу чыгармалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.

Өлкөнү санариптештирүү боюнча бир катар иш-мерчемдери бекиген. Калкты тейлөө, билим берүү, бардык багыттарда санариптик баалуулуктар пайдаланылат. Аларды ишке ашырууда мамлекеттик тилдин орду сакталышы керек деген талап бар. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз