Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

8 , Март, 14:00 175

Кытайдагы кыргыз берүүлөрү

image

Кытайдагы кыргыздар дүйнөдө болуп жаткан маалыматтар менен кыргыз тилинде кабардар болуп турушат. Бул үчүн Үрүмчү шаарында кыргыз теле жана радио станциясы күн-түн дебей иштейт. Кыргызстандан барган журналисттер тобу иш сапардын алкагында Кытайдагы кыргыз маалымат каражаттарынын абалы менен таанышкан.


36 жыл мурда ачылган Шинжаң радиостанциясындагы кыргыз радиосу күнүнө жарым сааттык гана кабарлар менен өз ишин баштаган болсо, бүгүнкү күндө башка радиолор менен тең тайлашып 19 сааттык обого ээ болду. Алгач 5 улутка бөлүнгөн бир жыштыктан монголчо уктуруулар менен кезектешип чыкса, азыр өзүнчө жыштыктан таңшып турат.

Берүүлөр дүйнөлүк кабарларды, Кытай мамлекетиндеги, анын ичинде Шинжаң аймагындагы, Кызыл-Суу облусундагы саясий, экономикалык жана маданий жаңылыктарды камтыйт. Ошондой эле кыргыздардын ыр-күүлөрү тынбай берилип турат.

Жаңылыктардан сырткары кыргыз каналында, маданий жана көңүл ачуучу программалар, ошондой эле кыргыз маданиятын даңазалаган музыкалык берүүлөр жана кинотоасмалар көрсөтүлүп турат. Үрүмчү шаарындагы 19 кабаттуу ири имаратта жайгашкан жалпы телерадиостанциянын бир кабаты толугу менен кыргыз телерадиоберүүлөрүнө тиешелүү.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз