Видеопортал Дебаттар

Дебаттар

2015-жылдагы парламенттик шайлоодон жеңип чыккан, парламенттеги фракциялардын лидерлеринин жана өтпөй калган, бирок саясий аренада аларга атаандаш катары таанылган саясий партиялардын лидерлеринин катышуусунда өтөт. Алар менен айына бир жолу өлкө турмушундагы өзгөчө актуалдуу делген маселелер, коомдук-саясий окуялар жана чечимдер туурасында талкуулап, ар биринин конкреттүү коюлган маселе боюнча позицияларын ачыктайбыз. Экинчиден шайлоо алдында элге берген убадалардын аткарылышы туурасында маселеге коюлуп, алар кантип жатат? Аткаруу кайсы стадияга келип калды? Мындан аркысы кантет деген тактоолор менен маалымат алабыз. Бул өз кезегинде шайлоодон кийин дагы шайлоочулардын алдында отчет берип, эл шайлаган депутаттарын фракция лидерлери аркылуу көзөмөлгө ала тургандай мүмкүндүк берет.